
Айыл Банк Кыргыз Республикасындагы кичи жана орто ишкердик субъекттерин колдоо максатында жаңы программа баштады. Бул демилге бизнесмендердин узак мөөнөттүү жана туруктуу финансылык ресурстарга жеңил шарттарда жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, ошондой эле инвестицияларды стимулдаштыруу жана жаңы жумуш орундарын түзүү максатын көздөйт.
Программа жеке ишкерлерге жана экономикадагы негизги секторлордо иш алып барган юридикалык жактарга арналган, мисалы:
- тамак-ашты кайра иштетүү жана өндүрүү;
- токуу жана текстиль өнөр жайы;
- өндүрүш кызматтары;
- туризм;
- билим берүү сектору;
- саламаттыкты сактоо тармагы;
- информациялык технологиялар, инновациялар жана стартаптар;
- кол өнөрчүлүк жана кызматтар.
Кредиттер улуттук валюта — сомдор менен 6% жылдык ставка менен (эффективдүү ставка 6,16%) 5 жылга чейин берилет. Максималдуу финансылык сумма 50 млн сомго чейин жетиши мүмкүн жана кредиттин максатына жана карыз алуучунун категориясына жараша болот.
Бул программа ишкердикти өнүктүрүүгө, жаңы технологияларды киргизүүгө жана Кыргыз Республикасында туруктуу экономикалык өсүшкө көмөктөшүүгө арналган.
НБКР лицензиясы № 048