
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Урматбек Шамырканов Муслиновичти убактылуу өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу кылып дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.
Шамыркановдун өзгөчө кырдаалдар министри кызматында дайындалышын бекитүү үчүн Жогорку Кеңешке сунуш жөнөтүлөт.