




Генеральдык прокуратурада жаңы орун басарлар сунушталды.
Ведомствонун маалыматына ылайык, президент Садыр Жапаровдун буйругу менен биринчи орун басарлыкка Бектурганов Малик Маамыталиевич, ал эми орун басарлыкка Акназаров Залкар Каримжанович дайындалды.
Генеральдык прокурор Максат Асаналиев жаңы орун басарларга прокуратуранын системалык өнүгүүсүн, мыйзамдуулукту камсыз кылуу, тартипти жана жоопкерчиликти жогорулатуу, ошондой эле кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жакшыртуу боюнча негизги милдеттерди белгилеп, кызматтык ишмердүүлүгүндө ийгилик каалады. ```