
Ошто жаңы мэр дайындалды — Жанар Акаев.
Бул чечим Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров тарабынан кол коюлган жарлыктын негизинде кабыл алынды.
Жанар Акаев 1986-жылы Ош облусунун Алай районунда туулган, журналистика жана саясат тармагында бай тажрыйбасы бар.
2009-жылы ОшГУнун журналистика факультетин аяктаган.
2008-2014-жылдары "Азаттык" радиосунун Кыргыз кызматына иштеген.
2015-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы кызматын ээлеген.
2015-2021-жылдары VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп, СДПК партиясын өкүлү болгон.
2021-жылы VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп "Альянс" партиясынан шайланган.
Мындан тышкары, Жанар Акаев "Евразиянын алтын калеми" (2011) жана "Курч калем" (2014) сыйлыктарынын лауреаты.
Ал үй-бүлөлүү, үч баланы тарбиялап жатат.