Кабинеттин башчысы мэриянын региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү, ошондой эле муниципалдык кызматтардын сапатын жогорулатууда жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө маанилүү ролу бар экенин белгиледи. Ошондой эле, ал мэриянын бардык структураларынын эффективдүү иштөөсүнүн жана мамлекет менен шаар деңгээлиндеги приоритеттүү программаларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.






Мындан тышкары, Касымалиев Акаевге жаңы кызматында ийгилик каалады.
Эскерте кетсек, мурда Женишбек Токторбаев Оша шаарынын мэрлигинен четтетилген. Президенттин жарлыгына ылайык, ушул кызматка Жанар Акаев дайындалган.