Район башчысы К.Тутуев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жарлыгына таянып, Алмазбек Жылкыбаевичти бул маанилүү кызматка дайындоо тууралуу жарыялады, андан кийин ал эмгек жамаатынын алдында расмий түрдө тааныштырылды.
Иш-чарада райондук активисттер жана айыл өкмөттөрдүн башчылары катышып, жаңы орун басарды куттуктап, жаңы кызматында ийгиликтүү жана натыйжалуу иштөөсүн каалашты.
- Дайындалганга чейин Алмазбек Дубанаев Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген. Анын резюмеси мында таанышууга жеткиликтүү.
Мурда Кемин районунун биринчи орун басарынын кызматын Жалын Самудинович Жумабеков ээлеген.