Бул маалымат райондук мамлекеттик администрация тарабынан берилди.
- Бул кызматты мурда Кенжебек Жолдошбек уулу ээлеп келген.
Кыска биография:
Максат Жыргалбекович Өмүров 1993-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлгөн.
Ал жогорку билимге ээ.
Карьера:
- 2014-жылдан 2021-жылга чейин Кочкор райондук электр тармактары ишканасында контролер болуп иштеген;
- 2021-жылдан 2025-жылга чейин ошол эле ишканада улук инспектордун кызматын ээлеген;
- 2025-2026-жылдары Кочкор райондук электр тармактары ишканасында орун басар жетекчи болгон.
Максат үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.