
Сүрөт өкмөттүн маалымат кызматынын архивинен.
2024-жылдын 24-февралы күнү өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамирбек Осмоновду тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Касымалиев жаңы министрдин алдында маанилүү милдеттер турганын, анын ичинде саламаттык сактоо системасын жакшыртуу, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыздоо, ошондой эле башкарууга заманбап технологияларды киргизүү жана медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасын бекемдөө маселелерин белгиледи.
Ошол эле күнү ал Эрлист Акунбековду суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдетин аткаруучу катары тааныштырды.








"Өкмөт башчысы негизги иш багыттарын белгилеп, министрдин милдетин аткаруучуга бир катар биринчи кезектеги милдеттерди чечүүнү тапшырды", - деп кошумчалашты билдирүүдө.
Эскерте кетсек, 24-февралда Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо министри кызматынан кеткен. Ошол эле күнү Бакыт Торобаев өкмөт башчынын орун басары кызматынан бошотулган.