
Бүгүн, 27-февралда, «Ынтымак Ордо» да президенттин төрагалыгы астында республикалык жыйын өтөт. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозовдун маалыматына ылайык, бул иш-чарага өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле Бишкек, Ош жана башка облустук маанидеги шаарлардын мэйлери катышат.
Жыйында 2025-жыл ичинде ар түрдүү тармактарда аткарылган иштер тууралуу отчеттор берилет деп күтүлүүдө.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров акыркы беш жылдын жетишкендиктери тууралуу доклад жасап, келечектеги негизги милдеттерди белгилейт.
Бул күтүүлөрдү басма сөз катчысы тастыктап, мындан ары аткарылуучу пландар талкууланарын кошумчалады.Жыйынды НТРК жана башка республикалык жана облустук телеканалдарда, ошондой эле социалдык тармактардагы беттерде түз эфирде көрсөтүү пландалууда.
Башталышы 11:00гө белгиленген.