
Президент Садыр Жапаров билдиргендей, акыркы беш жылдын ичинде өлкөдөгү пенсиялык төлөмдөр 50 миллиард сомдон 105 миллиард сомго өскөн. Бул билдирүү Бишкекте өткөн республикалык жыйындын жүрүшүндө айтылды.
Анын айтымында, пенсиялык системада мындай оң динамика өтө сейрек кездешет.
«Пенсиялардын, социалдык жардамдардын жана эмгек акынын өсүшүн камсыздоо биздин негизги артыкчылыгыбыз болуп калууда. Күчтүү экономика ар бир жарандын жашоо деңгээлин камсыз кылышы керек», — деди президент.
Белгилей кетсек, учурда «Ынтымак Ордо» республикалык жыйыны өтүп жатат, анда 2025-жылга жыйынтык чыгарылууда, жыйынга президент Садыр Жапаров катышууда.
Бул иш-чарага ошондой эле өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, президенттин региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, ошондой эле райондордун акимдери катышып жатат.