Ишендүү маалыматтар боюнча, Жумалиев Мелисбек Жанышбекович 1988-жылы ушул эле айылда төрөлгөн.
Ал жогорку билимге ээ.
Кесиптик ишмердүүлүгүнүн кыскача шолу:
- 2016-2021 жылдар — Соң-Көл айыл өкмөтүнүн VI чакырылышындагы айылдык кенештин депутаты;
- 2017-2022 жылдар — Соң-Көл айыл өкмөтүндөгү Жайыт комитетинин төрагасы;
- 2023-2024 жылдар — Сары-Булак айыл өкмөтүндөгү аскердик каттоонун инспектору;
- 2024-2025 жылдар — Сары-Булак айыл өкмөтүндөгү коомдук коопсуздук, административдик укук бузуулар жана диний радикализм боюнча башкы адис;
- 2025 жылдан азыркы убакка чейин — Сары-Булак айыл өкмөтүндөгү таштанды, ичүүчү суу жана ирригация маселелери боюнча башкы адис.
Мындан тышкары, Жумалиев Сары-Булак айыл өкмөтүндөгү профсоюздук уюмдун төрагасы кызматын да аркалаган.