
Сауд Аравияда учурда Кыргыз Республикасынын 7 миңге жакын жараны катталган. Алардын ичинен болжол менен 1 миң адам туруктуу негизде жашап жатса, калгандыктары - зыяратчылар.
Бул маалыматты Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал ошондой эле бүгүн түнү Бишкек жана Ошко эки рейс келерин айтты.
«127 жана 98 Кыргызстандын жаранынын келишин күтүп жатабыз. Кийинки рейстер жума күнү пландалган. Мамлекеттеги абал тынч», - деп кошумчалады ал.