Кыргызстанда, 2021-жылдан 2025-жылга чейин, ички жана эл аралык рейстерде тейленген жүргүнчүлөрдүн саны 52%га көбөйдү.
Бул маалыматты өкмөт башчысы жана президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев билдирди. Ал ошондой эле, ушул эле убакыт аралыгында авиарейстердин саны 53%га өскөнүн белгиледи.
«2021-жылы өлкөдө 5 аэропорт иштеп турган, азыр болсо республикадагы бардык аэропорттор иштеп жатат», - деп кошумчалады өкмөт башчы.