
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Алтынбек Эргешовду Токмок шаарынын мэри кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду. Бул чечим өлкөнүн Конституциясынын 71-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 47-беренесине ылайык кабыл алынды.