
Кыргыз Республикасында порнографиялык контентти камтыган сайттардын ишин токтотуу жана чектөө боюнча жаңы тартип кабыл алынды. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөтү тарабынан жарыяланган билдирүүдөн маалым болду.
Аталган документ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тарабынан кол коюлган.
Тартип Кыргыз Республикасынын «Интернет мейкиндигинде порнографиялык контентти камтыган сайттарга кирүүнү тыюу жөнүндө» мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
Аталган мыйзам маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандарды, анын ичинде курак жетпегендерди, кабыл алынгыс контенттен коргоо, ошондой эле Интернеттеги коомдук моралды сактоо үчүн кабыл алынганын белгилеп өтүү керек.
Жаңы тартип кыргыз интернет мейкиндигинде порнографиялык контентти камтыган сайттарды аныктоо жана убактылуу бөгөт коюу механизмин аныктайт.