Раззаков шаарында 1,5 миллион сомдук авиабилет сатуу аферасына шектүү адам кармалды

Сергей Гармаш Өзгөчө
VK X OK WhatsApp Telegram
Лейлек районунда жергиликтүү тургун жарандарды авиабилет сатуу боюнча алдамчылык кылууга шектелип кармалды, Бул тууралуу Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан маалымдашты.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, 25 жаштагы А. Х., Сумбула айылдык аймагында жашап, Раззак айылындагы авиакассада иштеп, адамдардын ишенимин утуп, аларга авиабилеттерди сатып берүүгө убада берип келген. Ал акчаны өзүнүн банк картасына которууну сураган.

Полицияга 13 жабырлануучу кайрылып, алдамчылык тууралуу билдиришкен.

Текшерүү учурунда шектүүнүн жабырлануучуларга 1,5 млн сомго жакын зыян келтиргени аныкталды.

Жыйналган материалдардын негизинде Лейлек РОВДсы тарабынан КРнын Кылмыш кодексинин 209-беренеси боюнча алдамчылыкка байланыштуу кылмыш иши козголду.

Облус аймагында өткөрүлүп жаткан «Алдамчы» иш-чарасынын алкагында шектүү Раззак айылында кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.

Учурда иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Объектилер
Спутник
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: