
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 16-мартта БАӘнин премьер-министрдин орун басары жана тышкы иштер министри Абдулла бин Заед Аль Нахайян менен телефон аркылуу региондогу актуалдуу маселелерди талкуулады.
Сүйлөшүү учурунда Кулубаев региондогу туруктуулук жана коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун БАӘнин элине болгон чын жүрөктөн чыккан колдоосун жеткирди.
Эки тарап чыңалууну азайтуу, дипломатиялык диалогду калыбына келтирүү жана региондогу тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөгө багытталган конкреттүү чараларды кабыл алуу боюнча үмүттөрүн билдиришти.