
Кыргызстанда Жасалма интеллект борборун куруу мамлекеттик процесстердин натыйжалуулугун жакшыртууга багытталган. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов «Биринчи радио» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, жасалма интеллектти колдонуу көпчүлүк тармактардагы ар кандай маселелерди чечүү үчүн актуалдуу инструмент болуп калды.
«Заманауи жасалма интеллект технологиялары ар кандай тармактардагы маселелерди тез жана натыйжалуу чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Биздин борбор биринчи кезекте мамлекеттик башкарууну ылдамдатууга жана жакшыртууга жардам берет, андан кийин жарандар жана коомчулукка туш болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн ресурс болуп калат», - деп кошумчалады министр.
Учурда ири эл аралык компаниялар менен активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, анткени мындай масштабдуу долбоорду ишке ашыруу олуттуу инвестицияларды талап кылат», - деп баса белгиледи Жамангулов.