
2021-жылдан 2025-жылга чейин Нарын облусу туризм тармагында туруктуу өсүүнү көрсөтүп, кирешелердин көбөйүшүнө жана инфраструктуранын жакшыртуусуна алып келүүдө.
Нарын шаарында Нооруз майрамында таң калыштуу сандар айтылды: 2025-жылы регионго 157 952 турист келген, алардын ичинен 43 202 – чет элдиктер. Туризм ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешелер 147 миллион сомдон ашты.
Туруктуу багыттар экотуризм жана ички туризм болуп калууда.