


Эшперов айылындагы №7 бала бакчасынын директору Аида Жаныбаева «ТМДнын мыкты мугалими» эл аралык конкурстун лауреаты болду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Министрликтин маалыматына ылайык, конкурс 7-февралда башталган, биринчи этапта ийгиликтүү катышкан Аида финалга чыккан. Финалдык этап 24-мартта Астанада өтүп, кыргызстандыкка I даражадагы диплом, эмблема жана «ТМДнын мыкты мугалими» статуэткасы тапшырылган.
