
Кыргызстандын борбору Бишкекте 1-сентябрга чейин 20 жаңы билим берүү мекемесинин ачылышы күтүлүүдө. Мэриянын билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева билдиргендей, азыркы учурда бул мектептердин курулушу активдүү улантылууда.
Мусаеванын маалыматына ылайык, каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. 20 курулуп жаткан мектептин 11и учурдагы билим берүү мекемелерине кошумча корпус болуп саналат, ал эми 9у – нөлдөн баштап курулуп жаткан толук жаңы имараттар.
«Биз жаңы мектептердин бардыгы окуу жылына чейин окуучуларды кабыл алат деп пландап жатабыз. Учурда Бишкекте 120 мектеп иштеп жатат, анда 259 миң 710 бала билим алууда», - деп кошумчалады ал.