Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка автожолунда кар көчкү түштү
11-февралда Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка автожолунун 93-101 километрлери арасында беш жерде кар көчкү түшүү окуясы болду. Учурда кар массасынын көлөмү такталууда. Жалал-Абад облустук МЧС башкармалыгынан алынган маалыматка ылайык, жолду тазалоо үчүн эки жүк ташуучу жана бир грейдер тартылган. Тазалоо иштери улантылууда, бирок кайрадан кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.