«Бишкекводоканал» автомойкаларды текшерүү боюнча рейддерди өткөрүүдө
Бишкек шаарында автомоекаларды техникалык документациянын талаптарына жана шаардык суу түтүктөрү менен канализация системаларын колдонууга ылайык текшерүү үчүн регулярдуу рейддер улантылууда. Текшерүүлөрдүн натыйжасында суу менен камсыздоо жана суу агызуу системаларына өз алдынча туташуу учурлары, ошондой эле жууган сууга байланыштуу талаптардын бузулушу фактылары катталды, деп билдирет Бишкек шаардык мэриясы.