
Кечээ Бишкекте массалык уулануу болуп, анын натыйжасында 20 адам жапа чекти.
Гулжигит Аалиев, Республика клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери, «Кабар» агенттигине билдиргендей, кайрылгандардын ичинен 19 адам ооруканага жаткырылган. «Реанимацияда жаткан бир бейтаптын абалы бүгүн жакшырды», - деп кошумчалады ал.
Мурда 13 адам жапа чеккендиги жана алардын 11и «Буффет» ашканасына баргандан кийин ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат берилген. Окуя боюнча мекемеге протокол түзүлүп, 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган, анын иши убактылуу токтотулган.