
АКШнын Детройт шаарындагы аэропортто унаа кириш дарбазасына урунуп, инцидент болду. Бул тууралуу маалымат Лента.ру агенттиги Associated Pressке шилтеме берип жарыялады.
Маалыматка ылайык, жума күнү кечинде транспорт каражаты дарбазага урунуп, билет кассасын жарып өтүп, алты адамга жаракат келтирди.
Айдоочу кармалды, бирок окуянын себептери азырынча так эмес, учурда тергөө жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, 22-январда Лондондон Мюнхенге учуп чыккан Lufthansa жүргүнчү учагы менен авиаинцидент болгон. Ал көтөрүлүп учканда авариялык кырдаалга туш болду.