Лукашенко «дүйнөдөгү эң мыкты супер тракторду» түзүүнү тапшырды
Беларусь президенти Александр Лукашенко Минск трактор заводынын жаңы башкы директору Тарас Мурого «дүйнөдөгү эң мыкты супертракторду» иштеп чыгуу тапшырмасын берди. «Дүйнөнүн баары биздин тракторлорго муктаж. Алардын сатылышын камсыз кылыңыздар. Эгерде кандайдыр бир учурда сиздерде бир нерсе ишке ашпаса, сапатка көңүл буруңуздар. Дүйнөдөгү эң мыкты супертракторду жаратсаңыздар, анын баасын бир аз жогорулатыңыздар», - деди Лукашенко БелТА агенттигине.