

Тергөөнүн жүрүшүндө университеттин кээ бир кызматкерлери чет өлкөдөгү окуу жайлары тарабынан берилген деп көрсөтүлгөн жасалма академиялык документтерди, анын ичинде транскрипттерди даярдагандыгы аныкталды. Бул жасалмалар 200гө жакын студентти КГТУга мыйзамсыз которууга колдонулган.
Оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында кафедранын доценти Ш.А.А. кармалды. Ал ГКНБнын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.

Учурда университеттин башка окутуучулары жана администрация кызматкерлерин бул мыйзамсыз иш-аракеттерге тартылгандыгы боюнча издөө улантылууда.
ГКНБ бардык коррупция схемаларына катышкан адамдар, алардын социалдык статусуна карабастан, учурдагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартыларын баса белгилейт.