
Топтун мындан тышкары мыйзамсыз ишмердүүлүгүн жашыруу үчүн, катышуучулар Бишкектин ар кайсы райондорунда батирлерди ижарага алышкан. Көрүлгөн даректер боюнча жүргүзүлгөн тинтүү учурунда вебкамералар, жарык берүүчү жабдуулар, компьютердик техника, ошондой эле эротикалык костюмдар жана ачык онлайн-трансляциялар үчүн колдонулган башка атрибуттар алынды.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча, топ Chaturbate (CB), Stripchat (strip) жана BongaCams платформаларында трансляциялар өткөргөн, ал эми өз ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешелерин Binance криптокошельктерине которуп турушкан.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылууда.