
2023-жылдын 26-январында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына А.А. кайрылып, мурдагы күйөөсү, Жогорку Кенештин депутаты Э.С. боюнча чара көрүүнү өтүнгөн жазуу түрүндөгү арызын тапшырган.
Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, аял узак убакыт бою күйөөсүнүн психологиялык басымы жана физикалык зомбулукка кабылганын билдирген.
Бул окуя Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат каттоо журналында катталган жана учурда алдын ала текшерүү башталган. Бул боюнча арыз берүүчүнү коргоо үчүн коргоо ордери берилген.
Учурда иштин жагдайларын текшерүү үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет.
Бишкек милициясынын жетекчилиги кырдаалды көзөмөлдөп турат.