
Өткөн суткада Кыргызстанда 5 өрт кырсыгы катталды, деп билдирди КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги. Ведомствонун маалыматына ылайык, бул окуялардын үчөө Ош облусунда, бирөө Баткен облусунда жана Ош шаарында болду. Өрттү өчүрүү үчүн 5 өрт өчүрүү бригадасы тартылды.
Куткаруу кызматтарынын чыгышы талап кылынган жок.