
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн суткада өлкөдө 9 өрт кырсыгы катталды. Алардын өртүн өчүрүү операциясына 9 өрт өчүрүү командасы катышты.
Аймактар боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй:
- Нарын облусу – 1;
- Чүй облусу – 2;
- Ош облусу – 1;
- Ысык-Көл облусу – 4;
- Жалал-Абад облусу – 1.
Куткаруу кызматы 4 жолу окуя болгон жерлерге чыкты.