
Чүй облусунун Кара-Балта шаарында аял күйөөсүн өлтүрүү боюнча шектелип жатат. Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгы берген маалыматка ылайык, окуя 11-мартта болгон.
Жайыл райондук Ички иштер бөлүмүнө У.В. аттуу жарандан телефон чалуу келип, ал Космонавттар көчөсүндө күйөөсү П.А.ны өлтүргөнүн мойнуна алды. Тергөө органдары дароо окуя болгон жерге барышып, трагедия түн ортосунда болгонун аныкташты.
Маалыматка караганда, 1968-жылы туулган У.В. жана 1971-жылы туулган күйөөсү П.А. үйдө болуп, алкоголь ичип отурушкан. Ошол кечте алардын ортосунда уруш чыгып, күйөөсү аялына жаман сөздөрдү айтып, ага басым жасап баштаган. Эки жумалык жумуштан кийин эс алууну каалаган аял, жаман сөздөрдүн эмоционалдык таасирине кабылып, жини келип кеткен.
Натыйжада, ал ашканада бычак алып, күйөөсүнүн тамагын кесип салган. П.А. алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде көз жумган. Кылмыш жасалгандан кийин, У.В. өзүнүн буюмдарын жыйнап, мүмкүн болгон кармоого даярданып, уктап калган. Эртең менен күйөөсүнүн денесин коридорго өткөрүп, болгон окуя тууралуу 102 кызматына телефон чалган.
Окуя болгон жерден бычак алынган, ал эми эркектин денеси моргго жөнөтүлгөн. Аял кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылган. Учурда бул иш боюнча териштирүү улантылууда.