
14-мартта Нова Москвада (Троицкий жана Новомосковский административдик округдар – ТиНАО) жайгашкан Калужское шоссе боюнча 45-километрде экскурсиялык автобустун жана Volkswagen микроавтобусунун катышуусунда жол кырсыгы болду. Токмоктошуу натыйжасында микроавтобус ичинде болгон алты Кыргыз Республикасынын жараны жабыркады. Алардын бардыгы ар кандай жаракаттарды алып, Москвадагы медициналык мекемелерге жардам көрсөтүү үчүн жаткырылды.
Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин консула ТиНАО ГИБДД бөлүмүнө барып, окуянын бардык деталдарын тактоого киришти. Элчилик кырдаалды кылдаттык менен көзөмөлдөп, жабыркагандарга колдоо көрсөтүүдө.