
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка ылайык, өткөн суткада 8 өрт катталды.
Алардын ичинен эки учур Бишкекте, ошондой эле Чүй жана Ысык-Көл облустарында экиден катталды. Бир өрт Жалал-Абад жана бирөө Талас облусунда болду.
Атап айтканда, Талас облусунун Манас районунда 86 чарчы метр аянты бар турак үйдүн чатыры күйүп кетти. Азыркы учурда өрттүн себептери аныкталууда.