Кыргызстанда «SkyWay» бренди менен иштеген финпирамида уюштуруучусу кармалды
Кыргызстанда «SkyWay» бренди менен иштеген финансылык пирамиданы уюштуруучу кармалды, деп билдиришти өлкөнүн Ички иштер министрлигинен. «SkyWay» жана «Sky World Community» компанияларынын ишмердүүлүгү тууралуу келип түшкөн маалыматтардын негизинде, укук коргоо органдары тергөө иштерин башташты, анткени алардын жетекчилери финансылык пирамиданы уюштурууда шектелүүдө. Маалыматтар боюнча, бул компаниялардын өкүлдөрү Кыргызстандагы жарандарды активдүү тарткан, Бишкек менен Ош арасында «асман