Жергиликтүү жашоочулардын бири 24-октябрда казуулар башталганын айтты. "Коомдук түйүндөрдү орноткондон кийин иштер токтоду. Көптөгөн коңшулар нааразы. Биздин кварталдык жетекчи комиссия келип, абалды баалайбыз деп убада берген, бирок бир жума өттү, алар дагы келген жок," - деди ал.
Мындан тышкары, ал ачык траншеядан улам МП "Тазалык" таштанды алып кетүү үчүн кире албай жатканын кошумчалады.