
Ташкентте өтүп жаткан футбол боюнча эл аралык турнирдеги Ортолук Азия Футбол Ассоциациясынын (ОАФА) командаларын чогулткан турнире, Кыргызстандын аялдар курамасы (U-18) экинчи жолу жеңишке жетишти, Түркмөнстанды минималдуу 1:0 эсебинде утту.
Оюндун баатыры Сайкал Чыныбаева болду, ал 78-минутта чечүүчү голду киргизди. Команданы испандык адис Антонио Меса машыктырат.
Алдыңкы оюнда кыргызстандык кыздар дагы жеңишке жетишип, Иран курамасын ошондой эле 1:0 эсебинде утушкан. Кийинки беттеш 27-ноябрда өтөт, анда команда турнирдын ээси — Өзбекстан курамасы менен беттешет.