Жыл бою төрт кинотеатрда эң ийгиликтүү фильмдер болуп төмөнкүлөр саналат:
- "Зверополис 2".
- "Напарники 3".
- "Формула-1".
Ал "Зверополис 2" фильми IMAX форматында көрсөтүлүп жатканын, билет баасы жогору экенин, IMAXте бир билет кыргыз фильмине эки билеттин баасына барабар болушу мүмкүн экенин тактады.
"Биздин маалыматтар билет сатуу боюнча жалпы бааны камтыйт. Ал эми көрүүчүлөрдүн саны боюнча чет элдик жана кыргыз фильмдери окшош жыйынтыктарды көрсөтүүдө", - деп түшүндүрдү ал, көрүүчүлөрдүн улуттук фильмдерге болгон кызыгуусу жыл сайын өсүп жатканын кошумчалады.
Эгер өлкө боюнча жалпы кырдаалды карасак, "Кыргызтасмасы" маалыматына ылайык, жылдын эң көп киреше тапкан фильми "Кудай сактасын" болду, экинчи орунда "Битир", үчүнчү орунда "Керексин" турат. Андан кийин "Напарники 3" жана "Каражаным" келет.
2024-жылы эң көп киреше алып келген фильм "Бейиш эненин таманында" болуп, андан кийин "Аяш 4", "Моана 2", "Веном 2" жана "Такси" орун алат.