
Бүгүн эртең менен Свердлов районундагы Аламедин айылында жайгашкан мечитте өрт чыгып, кийинчерээк толугу менен өчүрүлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымат берди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт тууралуу сигнал ӨКМге эртең мененки убакта келип түшкөн. Өрттү өчүрүү үчүн 11:16да эки өрт өчүрүү бригадасы жана борбордун Свердлов районундагы № 3 өрт-куткаруу бөлүмүнүн штабы жөнөтүлгөн.
12:18де өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттөн жабыркаган аянт 150 чарчы метрди түзгөн. Окуянын натыйжасында 1994-жылы төрөлгөн бир эркек киши жеңил жаракат алган. Учурда өрттүн себептери жана шарттары аныкталууда.
