Ош шаардык мэриясында мэр Женишбек Токторбаевдын жетекчилиги менен профильдик кызматтардын өкүлдөрү катышкан эртең мененки рейд өткөрүлдү. Инспекция «Манас-Ата» аймагындагы Аэропортинская көчөсүндө өттү.
Текшерүү учурунда мэр сугат системасын жакшыртуу жана чектеш аймакты көрктөндүрүү зарылдыгына көңүл бурду.
Инспекциянын жыйынтыгында төмөнкү тапшырмалар берилди:
- Санитардык тазалоо: жолдун көрүнүшүн начарлаткан жана кооптуу болушу мүмкүн болгон өзүнөн-өзү өскөн, чириген жана авариялык дарактарды алып салуу керек.
- Жашылдандыруу: кесилген дарактардын ордуна жаңы жаш көчөттөрдү отургузуу.
- Ирригация: жолдун боюна сугат тармактарын оңдоп, калыбына келтирүү.