Их аракеттеринин натыйжасында 2025-жылы эмгектенгендер 2,9 миллион сомдук компенсация алышты.
Өткөн жылы инспекторлор жумуш орундарында 38 өлүм менен аяктаган окуяны жана 47 жаракатты катташты.
Мурадил Жумадилде уулу
«Бул сандар жардам сураган адамдарды гана чагылдырат. Негизги көйгөй өндүрүштө коопсуздук эрежелеринин бузулушу болуп жатат. Биз бул нормаларды сактоо жана коопсуз жумуш шарттарын түзүү кырсыктарды алдын алууга жардам берет деп ишенебиз. Өткөн жылы биз 1,3 миңден ашык ишкананы мониторинг кылдык, бул профсоюздардын ишин күчөтүүгө жана жарандардын ишенимин калыбына келтирүүгө жардам берди», — деп кошумчалады ал.
Жарандар суроолору болсо, Федерацияга 1229 кыска номерине кайрылып кеңеш ала алышат.