
Суу түтүктөрүндөгү аварияга байланыштуу Бишкектеги Тыныстанова көчөсүндө, 30/1 дарегинде ичүүчү суу убактылуу өчүрүлдү.
Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, өчүрүү Медерова көчөсүнүн Панфилова жана Советская көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүн, ошондой эле Медерова көчөсүнөн Кулатова көчөсүнө чейинки аймакты камтыйт.
Учурда МП «Бишкекводоканал» авариялык командасы суу камсыздоону калыбына келтирүү менен алектенүүдө. Бардык оңдоо иштери аяктагандан кийин суу кайра берилет.