







30-январдан 2-февралга чейин кинология боюнча жаңы семинардын алкагында Мамлекеттик бажы кызматкерлерине кызмат иттерин тарбиялоонун заманбап ыкмалары үйрөтүлдү.
Бул иш-чара «Окуу-специализацияланган» бажы базасында өтүп, кинологиялык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган.
Семинар ведомстволор аралык келишимдин алкагында уюштурулуп, Кыргызстандагы Дүйнөлүк бажы уюмунун окуу кинологиялык борборунун өнүгүшүнө көмөктөшүүгө арналган.
Окууга бажы органдарынын кинологдору гана эмес, Ички иштер министрлигинин СБНОН Кинологиялык борборунун өкүлдөрү, ГКНБнын 9- кызматынан, ошондой эле Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын кинологдор союзунун өкүлдөрү катышты.
Семинарда эксперт катары Россиянын кинологиялык көп күрөш боюнча эки жолку чемпиону Анна Скопинова чыгып, заманбап тарбиялоо техникалары менен бөлүштү.
Семинарга жалпы 38 адам катышып, алардын 7си бажы кызматынан болду. Иш-чаранын аякташы менен бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.