
Дачное айылында 12-февралда саат 10:00дөн 16:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу токтотулат, деп билдирет Бишкек шаардык мэриясы.
Токтотуунун себеби «Дачное» суу алуу жайында шашылыш оңдоо иштерин жүргүзүү зарылдыгы.
МП «Бишкекводоканал» мүмкүн болгон ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тургундарга жана уюмдарга алдын ала керектүү суу запасын даярдоону сунуштайт.
