
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана байланыш министрлиги Суусамырды Талас жана Тараз менен байланыштырган Отмок ашуусунда жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөрдүн алынып салынганы тууралуу маалымдады.
Учурда унаалардын кыймылы кадимки режимде жүргүзүлүүдө. Жолду тазалоо жана инерттик материалдарды төшөө иштерин ДЭП №36 жүргүзүүдө.
Мурда, абанын кескин начарлашы менен байланыштуу, бул участкта жүк ташуучу унаалардын кыймылын чектөө чечими кабыл алынган.