
Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Бахридин Шабазов Чүй облусунда жайгашкан Сары-Джон айылында көпүрө куруу иштеринин башталышы тууралуу сурады.
Депутаттын суроосуна Транспорт жана байланыш министринин биринчи орун басары Бекназар Базаралиев жооп берип, көпүрөнүн долбоору уже аяктаганын жана учурда аны ишке ашыруу үчүн подряддык уюмду тандоо жүрүп жатканын билдирди.