
Чүй облусунда алименттер боюнча 572 миң сомдук карызды өндүрүү боюнча аткаруу өндүрүшү ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу маалыматты Сот аткаруучуларынын кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аткаруу өндүрүшү Т.Н.Т. аттуу карызчыга байланыштуу болуп, 2020-жылдын 17-январынан 2026-жылдын 9-февралына чейин Сокулук райондук Сот аткаруучуларынын кызматында жүргүзүлгөн.
Аткарылган чаралардын натыйжасында, карыз толук жабылып, каражат өндүрүүчүгө которулду.