





Ыйык Рамазан айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери азык-түлүк жардамын алып, чоң колдоо алышты.
Министрликтин маалыматына ылайык, жардам Ысык-Көл облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын көп балалуу кызматкерлерине, ошондой эле райондук бөлүмдөрдүн, өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн, орман кызматынын жана тоо куткаруу адистештирилген кызматынын кызматкерлерине көрсөтүлгөн. Бул акциянын алкагында алар ун жана эт консерваларын алышты.
ӨКМ мындай колдоо жыл сайын Рамазан жана Курман айт майрамдарында көрсөтүлөрүн баса белгилейт.