
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Кок-Жар айылын Кант шаарымен байланыштырган айланма жолдун курулушу боюнча тынчсыздануусун билдирди.
«Чыгыш тарабында Ауэзов көчөсүнөн айланма жолго чейин өтүүчү жолдун курулушу башталды. Кайсы үйлөр бузулууга тийиш? Маалымат берүүнү суранам. Эч ким, мэрия же Транспорт жана байланыш министрлиги бул суроого жооп бере албайт, билишпейт деп айтышууда. Мындай болушу мүмкүнбү?! Ким компенсация алат, түшүндүрмө берүүнү суранам», - деди депутат нааразычылык менен.