
3-марттан 4-мартка чейин Берлинде ITB Berlin-2026 эл аралык туристтик көргөзмө өтүүдө.
Кыргызстандын стендинин расмий ачылышына Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчиси Омурбек Текебаев, Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов жана өлкөдөгү туризмди өнүктүрүү фондун жетектеген Адилет Джанузаков катышты.
Стендде 11 туристтик компания, 4 негизги багыт жана Туроператорлор ассоциациясы (КАТО) көрсөтүлүүдө. Көргөзмө учурунда Кыргызстандагы туристтик мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүүгө багытталган B2B жолугушуулар жана презентациялар уюштурулган. Дүйнөлүк кочевниктер оюндары жана Ч. Айтматовдун атындагы эл аралык Ысык-Көл форумун илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Кыргызстандын ITB Berlin-2026дагы катышуусу өлкөнүн глобалдык туристтик рыноктогу позицияларын күчөтүүгө, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана улуттук туристтик продуктуну илгерилетүүгө багытталган.
ITB Berlin туристтик тармакта эң алдыңкы жана таанылган эл аралык платформалардын бири экенин белгилеп өтүү керек.